• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нуран Ниязалиев ЮНЕСКОнун Башкы директорунун орун басары Эдуард Матокону кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-декабрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев ЮНЕСКОнун Башкы директорунун орун басары Эдуард Матокону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө Ниязалиев билим берүү, илим жана маданият тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Борбордук Азиядагы тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөрдүн ээриши, климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча биргелешкен аракеттерге өзгөчө көңүл бурулууда. Бул контекстте ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясында «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөөлөрдү кеңейтүү» резолюциясынын кабыл алынышы, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө резолюциянын долбоорун илгерилетүү, «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитин өткөрүү, ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктар тармагына кирүү үчүн «Ысык-Көлдүн түштүк жээги» номинациясы сыяктуу Кыргыз Республикасынын демилгелери канааттануу менен белгиленди. Н.Ниязалиев ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азулени Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келүүгө чакырды.

Өз кезегинде ЮНЕСКОнун Башкы директорунун орун басары Матоко Кыргызстандын Уюмдун алкагындагы жигердүү ишин жогору баалады. Ал ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин, ЮНЕСКОнун коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча эл аралык программасынын бюросунун мүчөсү катары өлкөнүн ролу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий