• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ башчысы Айдарбеков Евробирликтин БА боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри (ТИМ) Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 24-апрелде Европалык бирликтин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Айдарбеков менен Буриан Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулашкан.

"Тараптар ошондой эле КРда ЕБ-Борбордук Азия тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусун, Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча ЕБнын Жогорку өкүлү Ф.Могерининин пландаштырылган иш-сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн зарылчылыгына көңүл бурушкан.

Пикир

Оставить комментарий