• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө пенсионерди сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Чүй облусунда пенсионерди өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин басма соз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде болжол менен саат 22:50дө Бишкек-Кордай унаа жолунда (Ленин айылы) айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада 72 жаштагы жергиликтүү тургун алган жаракаттарынан улам жеринде көз жумган.

24-апрелде окуяга шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Васильевка айылынын 45 жаштагы Ю.О., аттуу тургуну болуп чыккан. Ал эми "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү автоунаасы айып унаа токтотуучу жайына киргизилген.

Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий