• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда жыл башынан бери жол кырсыгынан 30 адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек 24.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын эки ай 24 күн ичинде Чүй облусунда айдоочулардын күнөөсүндө 262 жол кырсыгы катталып, анда 30 адам каза болгон. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 440 адам ар кандай оор жаракаттарды алган.

"Чүй облусунун аймагында жайгашкан автомектептерде окуган курсанттарга Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери болочок айдоочуларды сапаттуу даярдоо боюнча "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте автомектептердеги окуп жатышкан курсанттарга кошумча сабактарды өтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий