• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 15:59да Кыргызстандын аймагында Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 8 км аралыкта катталып, анын күчү 3 баллга жеткен.

Ошондой эле 10:28де кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болгон. Ал эми Кыргызстандын калктуу кошунтары — Кара-Тейит Карамык айылдарынан түштүк-батышка карай 34-35 чакырым аралыкта болгон. Аталган айылдарда жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий