• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда чет элдик жарандан $58 миң опузалап талап кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кара-Сууда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кытай жараны 1969-жылы туулган Л.Ч. арыз менен кайрылып, Азам аттуу жаран "сен 58 миң долларын беришиң керек" деп опузалап, акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, топтолгон материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 17-февраль күнү опузалап талап кылган акчаны алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий