• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва районунда айыл аймактын башчысы жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузууларга шектелип кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О. кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ал жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузууларга шектелип кармалган.

Маалым болгондой, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, ал мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, Б.С.О. комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүрүп, ошондой эле КР УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн.

Бул факты УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тактоо иш-чаралары башталып, анын жүрүшүндө Б.С.О. текшерүү иштеринин жүрүшүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 12-апрелинде Б.С.О. КР УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жер тилкелерин бөлүштүрүүдө мыйзамдардын бузулушу системалуу түрдө жер-жерлерде чыр-чатактарга алып келерин, андыктан бул багыттагы текшерүү иш-чаралары улантыларын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий