• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы конуштарда көчмө клиникалар уюштурулду

Ден соолук 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. 11-апрелден тарта Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган жана медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды эмдөө үчүн балдарды жана чоңдорду профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу боюнча көчмө мобилдик клиникалар уюштурулду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мобилдик клиникалар балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле вакцина менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган.

Көчмө мобилдик клиника №10 ҮМБнын аймагында ишин баштап, Дордой, Ак Жар, Келечек конуштарынын тургундарын кабыл алууда. Андан ары көчмө клиниканы шаардын башка калктуу конуштарында уюштуруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, кампаниянын алкагында тургундар акысыз УЗИден өтүп, невропатолог, хирург, окулист, ЛОР дарыгери, үй-бүлөлүк дарыгер сыяктуу тар адистиктеги дарыгерлерден кеңеш ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий