• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга Армениянын Президенти Серж Саргсян келди

Саясат 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасына бүгүн, 13-апрелде Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Армения Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян эртең, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий