• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Арстанбаев Япония парламентинин депутаты Ген Накатани менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев менен Япония парламентинин депутаты, Япония-Кыргызстан парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатанинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле аймактар аралык жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, 2022-жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда М.Арстанбаев эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо үчүн парламентарийлердин эки тараптуу иш сапарларын ишке ашыруусу маанилүү экенин белгилеп, буга байланыштуу Япония тарабын Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий