• 86.25
  • 94.05
  • 1.23

Минск шаарында ЕӨАК кезектеги жыйыны тар курамда өтүүдө - сүрөт

923 кароо Саясат 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны тар курамда өтүүдө.

Андан соң ЕӨАК жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Жыйындын башында ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын алкагында Беларусь Премьер-министри Сергей Румас менен делегация башчыларынын саламдашуу салтанаты, андан соң биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү.

Пикир

Оставить комментарий