• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-бельгия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Бельгиянын Кыргызстандагы элчиси Анри Вантигем менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-бельгия кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарын өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигинин жаңы стратегиясынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ортосундагы мамилелерди талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде 2022-жылдагы жогорку деңгээлдеги сапарларга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кыргыз-бельгия мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара ниетин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий