• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2024-жылдын 21-январынан 27-январына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүп, ишти Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий