• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Катардын элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марриден ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин 2023-жылдын 6-7-июнунда Кыргызстанга жасаган биринчи мамлекеттик сапары кыргыз-катар мамилелеринде гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын бардык араб өлкөлөрү менен болгон мамилесинде тарыхый зор саясий мааниси бар экенин белгиледи. Буга байланыштуу министр жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирди.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырууга, ошондой эле Кыргызстанда эки тараптуу инвестициялык жана социалдык долбоорлорду биргелешип илгерилетүүгө даяр экендигин баса белгилешти.

Саясий диалогду мындан ары чыңдоо максатында тараптар өз ара сапарлардын жогорку динамикасын улантууну, тармактык министрликтер аркылуу эки тараптуу түрдүү иш-чараларды, ошондой эле ТИМдер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Катардын жаңы элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн бул кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий