• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акылбек Жапаров Олжас Бектеновду Казакстандын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

“Биз казак тарап менен болгон мамилени жогору баалайбыз жана аны мындан ары да чыңдоого умтулабыз. Дипломатиялык мамилелерибиз түзүлгөндөн бери биздин кыргыз-казак өз ара кызматташуубуз бекемделип, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштык деңгээлине жетти”, — деди Акылбек Жапаров.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий