• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Тилек-2 конушу жаратылыш газына кошулду

Коом 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда Бишкектин Ак-Тилек-2 жаңы конушуна жаратылыш газы берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, муну менен 216 кожолук жаратылыш газын колдонуу менен жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жашоочулар Бишкек шаарынын жетекчилигине жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына көгүлтүр отунга кошулууга шарт түзгөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдирип, үйлөрдүн бирине газдын бар-жогун текшерүү үчүн чакырышты.

Ири конуштарды газдаштыруу иштери Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Конуштарды газ менен камсыз кылуу үчүн жаңы газды жөнгө салуучу борбору курулган жана пайдаланууга берилген, ошондой эле узундугу 4900 погон метр магистралдык түтүктөрүн куруу боюнча иште жүргүзүлдү. Бардык жумуштар курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Ак-Тилек, Ак-Тилек-Турбаза жана Бакай-Ата үч конушта газдаштыруу иштери аяктап жатат.

Пикир

Оставить комментарий