• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Трамп: Кыргызстан – демократиялык баалуулуктарды колдоодо аймактагы лидер

Саясат 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) жана Канададагы элчиси Болот Отунбаев үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, элчи Б.Отунбаев Дональд Трампка кайрылуусунда Кыргызстан АКШ менен кызматташуунун мындан ары да өсүүсүнө жана кыргыз-америкалык диалогдун жаңы мейкиндиктерин ачууга кызыктар экендигин баса белгилеген.

Элчинин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө кыргыз-америкалык өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга жана кызматташуунун жаңы барагын ачууга убакыт келип жетти.

Ал эми АКШнын президенти Трамп өз кезегинде демократиялык баалуулуктарды колдоодо Кыргызстандын регионалдык лидер катары ролун баса белгилеп, америкалык тарап эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн үстүнөн иш алып барууга даяр экендигин айтты.

“Биз эки өлкөнүн ортосунда экономикалык жана коммерциялык байланыштарды кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз. Биргеликте биз коопсуз, демократиялык жана гүлдөгөн дүйнө курууга жардам бере алабыз”, - деди Трамп.

Пикир

Оставить комментарий