• 88.68
  • 95
  • 0.95

11-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 11-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +13...+18 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий