• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектен Грозныйга авиакаттам жанданат

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Бишкектен Грозныйга авиакаттам жанданат.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Россиянын «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы 15-июндан тарта Грозный - Бишкек - Грозный багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.

"Манас" эл аралык аэропортунан Чеченстандын борборуна каттамдар жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарылмакчы.

"МЭА" ААК бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий