• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы бажы төлөмдөрүнөн 52 млрд 895 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Финансы министрлиги тарабынан 2022-жылдын январь-сентябрь айларында бажы төлөмдөрү 64 миллиард 810,7 миллион сом суммасында бекитилген.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, быйыл өсүү темпи 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 198,9 пайыз түздү.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында бажы кызматы тарабынан 52 млрд 895,5 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалды.

- алымсыз бажы төлөмдөрү - 41 млрд 622,1 млн сом болду;
- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган алым - 11 млрд 273,4 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий