• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуттук банктын төрагасы Bank of China Limited делегациясы менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Bank of China Limited директорлор кеңешинин төрагасы Гэ Хайцзяо башында турган делегация ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР УБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий