• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бакиров мамлекеттик мүлктүн менчиктештирүү процедурасы тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйын учурунда мамлекеттик мүлктүн менчиктештирүү процедурасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, менчиктештирүү программасы парламент аркылуу өтөт. Андан кийин кайра баалоо боюнча иштер уланып, ачык аукционго коюлат.

“Жетиштүү мыйзамдык база бар. Акционердик коомдор жөнүндө, менчиктештирүү жөнүндө, кошумча башкаруу жөнүндө жана баалоо иши жөнүндө мыйзамдар. Бүгүн министрлер кабинети ачык конкурс өткөрүүгө даяр. Инвентаризация, реструктуризациялоо жаатында биз бир нече варианттарды карап жатабыз: ишенимдүү башкаруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, аутсорсинг”, - дейт ал.

Бакиров учурда менчиктештирүүгө каралып жаткан 20 мамлекеттик объект бар экендигин айтат.

Пикир

Оставить комментарий