• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кумтөрдүн дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын Желим жана башка буюмдарды чыгаруу менен автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүү боюнча заводуна барды.

“Калдыктарды акчага айлантуу” долбоорунун максаты германиялык технологияны колдонуу менен каалаган өлчөмдөгү дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүүчү ишкана түзүү, бузулган дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ишинин натыйжалуугун жогорулатуу, желим буюмдарынын калдыктарынын зыяндуу таасирин азайтуу.

Маалым болгондой, завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук кандуу ишке киргизүү 2023-жылдын аягы/2024-жылдын башы деп пландалууда. Ишкана иштеп баштагандан тартып 180тен ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилип чыгарылат. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар жумшалып, кирешенин ички нормасы 33%ды түзөт.

Иштин жүрүшү менен таанышып чыккан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарылаарын билдирди.

Белгилей кетсек, эскирген дөңгөлөктөр кайра иштетилип жаңы продукцияга, тагыраагы желимге, текстилге, пресстелген материалга айландырылат.

Техникалык-экономикалык негиздеме тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык, 2026-жылдан 2030-жылга чейин, тагыраагы 5 жылда киреше салыгын төлөөнүн суммасы орто эсеп менен 60 млн сом деп болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий