• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

Министерлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан “Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карайт”.

“Акыркы жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү туруктуу темпте өсүүдө жана пандемияга чейинки деңгээлден ашты”, - деди Акылбек Жапаров.

Министерлер кабинетинин төрагасы ошондой эле учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин кошумчалады.

Бул контекстте Жапаров корей тарапка Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн эске алуу менен Кореянын “Hyundai” жана “Kia” сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал ошондой эле кыргыз тараптын өлкөдө гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу жаатындагы ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин белгиледи.

“Учурда алдыңкы кореялык компаниялар менен кызматташууну бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Май айында “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен кореялык “BC Card” жана “Smartro” компанияларынын консорциумунун ортосунда биргелешкен ишкана түзүү боюнча Меморандумга кол коюлган”, - деди Министерлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде, Чонг Ву Тэк эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бийик потенциалды белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды уюштурууда кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин жакшыртуу” долбоору боюнча Макулдашууга кол коюшту.

Бул долбоор Корея тарап менен биргеликте Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын мындан ары чыңдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий