• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Тез жардам ооруканасы $9,3 млн реконструкцияланат

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарга болгон расмий сапарынын алкагында Катар өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа бин Жасим Аль-Кувари менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Катар өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну бекемдөө маселелерине токтолушту.

Жалпысынан 9,3 млн АКШ долларын түзгөн Бишкек шаардык Тез жардам ооруканасын (мурдагы Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору) реконструкциялоо боюнча долбоорду жакын арада практикалык ишке ашырууга киришүү жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле Кулубаев Х. Аль-Куварини Баткен облусунда Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунун натыйжасында талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүү долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ушуга байланыштуу жакын арада фонд кыргыз тараптын муктаждыктарын изилдөөгө ниеттенүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тыгыз координациялоону улантуу тууралуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий