• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө. Иш-чаранын алдында министрлер биргеликте сүрөткө түшүп, андан соң ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Программага ылайык, жыйындын аягында документтерге кол коюлуп, биргелешкен билдирүү жасалат.

Катышуучулар:

- КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
- Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров;
- Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов;
- Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин;
- Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов;
- Кытайдын тышкы иштер министри Ван И;
- Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж;
- Пакистандын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши;
- ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов;
- ШКУ Регионалдык антитеррористтик тутумунун аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиёсов.

Пикир

Оставить комментарий