• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков Сокулук районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Чүй облусундагы Сокулук районунун жана Шопоков шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аталган райондогу инстратүзүмдүк маселелер айтылды. Анын ичинен жолдорду оңдоп-түзөө, бала бакча жана мектептерди куруу муктаждыгы белгиленди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катар жерлерди трансформациялоо маселесин чечүү зарылчылыгына токтолушту.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган ар бир маселе ага тааныш экенин билдирип: “Бүгүн көтөрүлгөн көйгөйлөр ар бир аймакта бар. Анткени, эгемендүүлүккө жетишкен 28 жыл аралыгында өлкөнүн инфратүзүмүнө байланышкан көпчүлүк маселелер көңүл сыртында калып келген. Бирок, акыркы жылдары мамлекеттик деңгээлде аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, калктын жашоо-турмушун жакшыртуу багытында керектүү каражаттар бөлүнө баштады. Айрым маселелер чечилип, айрым иштер алдыга жылды. Коррупцияга каршы күрөш күч алып, бюджетке кайтарылган каражаттарды туура пайдалануу жагы колго алынууда. Албетте, аймактардагы шарт-жагдайды өнүктүрүү аракетин тынымсыз улантуубуз керек. Анын ичинен таза суу киргизүү, жолдорун оңдоо, мектеп, бала бакча жана ооруканаларды куруу аймактар үчүн өтө зарыл. Айрыкча, ден-соолугу чың келечек муунду калыптандыруу үчүн аймактарды заманбап спорттук жайлар менен камсыздообуз кажет” – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов менен Эльвира Сурабалдиева да катышты.

Пикир

Оставить комментарий