• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гомбожавын Занданшатар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатардын Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач Гомбожавын Занданшатар баштаган монгол парламентинин делегациясы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл койду.

Кошумчалай кетсек, ардактуу конокторду Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобуну жетекчиси Улан Бакасов коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий