• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен Монголиянын парламент төрагаларынын жолугушуусу өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Алгач парламент төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулашты.

Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз менен монгол калкын бүгүнкү экономикалык-социалдык кызматташтык гана байланыштырбастан, узак жылдарды камтыган көчмөн турмушка тиешелүү тарыхый-маданий алакалар жакындатып турарын белгиледи.

“Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстандын өлкө башчысы өткөн жылы Монголияга расмий иш сапары менен барып, мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлган. Түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга жетишилип, Монголияда Кыргыз Республикасынын элчилиги да ачылган”, – деди.

Ошондой эле парламенттер аралык алакалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев: "Жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Андыктан бул жаатта жигердүү иш алып баруубуз кажет. Азыркы тапта Жогорку Кеңеште Монголия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлгөн. Мындан сырткары, тармактык комитеттердин жана парламенттин аппараттарынын ортосундагы өнөктөштүктү да өнүктүрүшүбүз керек. Сиздин бүгүнкү расмий сапарыңыз мындан аркы алакаларды арттырууга көмөкчү болот деген ишеничтемин", – деп кошумчалады.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар тууралуу да айтылып: “Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, текстиль жана тигүү тармагы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы тарыхый жана маданий мурастарды өз ара изилдөө боюнча тажрыйбаны жигердүү ишке ашыруу демилгесин көтөрдү.

Өз кезегинде Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол кызматташтыктыгына тиешелүү маселелерге токтолду.

“Өткөн жылы Бишкек-Улан-Батор аба каттамы ачылып, байланыштарыбыз дагы да кеңейди. Айрыкча туризм тармагындагы кызматташтыкка тиешелүү жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, туристтердин санынын өсүшүнө өбөлгө түзүлдү. Монгол эли Кыргызстандын кооз жаратылышын жана жер шарынын бермети болгон Ысык-Көлүңүздөрдү көрүүгө кызыкдар", – деди Гомбожавын Занданшатар.

Муну менен катар өзү да мындан он жыл мурун Кыргызстанга келип кеткенин эске салган Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы: “Акыркы жылдар аралыгында өлкөңүздөр эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, өнүккөнүн байкадым”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылган монгол парламентинин Төрагасы эки өлкөнүн студенттерин жогорку окуу жайларда билим алуусуна шарт түзүү демилгесин көтөрдү.

“Андан тышкары, соода байланышын да күчтөндүрүшүбүз керек. Азыркы соода жүгүртүүнүн көлөмү аз, талапка толук жооп бербейт. Андыктан, бул жаатта алгылыктуу иштерди алып баруубуз зарыл. Биз Кыргызстанга эт продукцияларын жана сапаттуу жүндөн токулган кездеменин түрлөрүн экспорттоого даярбыз”, – деди Занданшатар.

Сөзүнүн аягында Монголияда ушул жылы өтө турган "Транс-Алтай туруктуулук диалогу" аталышындагы форумга төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясын чакырды.

Пикир

Оставить комментарий