• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков: Кыргызстан Япония менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын элчиси Маэда Сигекини кабыл алды. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрага Дастанбек Жумабеков Маэда Сигекини Жапониянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

“Кыргызстан Япония менен өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген бардык багыттагы, анын ичинен экономика, маданият жана туризм тармактары боюнча эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар”, – деген төрага экономикалык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү арбын экенине, айрыкча жеке ишкерчиликке тиешелүү шарттар толук пайдаланылбай жатканына токтолду.

“Биздин өлкө инвестиция тартууну жана Кыргызстан менен Япония ишкерлери ортосундагы соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүнү көздөйт. Андыктан, сиздин адискөй ишмердүүлүгүңүз, билимиңиз жана тажрыйбаңыз тышкы соода тармагыбыздын өнүгүшүнө, эки тарапатуу экономикалык байланыштарыбыздын жакшырышына өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Япониянын элчиси Маэда Сигеки жылуу кабыл алгандыгы жана айткан куттуктоосу үчүн төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, кыргыз-жапон мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча элчилик милдеттерин толук аткарууга тынымсыз аракет көрөрүн кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жана эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий