• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-15-апрелде Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-апрелде түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-апрелде күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-апрелде эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий