• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Жашыл мурас". ИИМ Академиясынын кызматкерлери ишембиликке чыгып, көчөттөрдү отургузушту

Коом 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясы "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнө активдүү катышууда. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президентинин "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана улуттук "Жашыл мурас" өнөктүгүн утурлай, ИИМдин Академиясы тарабынан көчөттөр отургузулуп, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чаралары өткөрүлдү.

Андан соң Академиянын өздүк курамы ишембилик өткөрүшүп, окуу жайдын ички жана сырткы аймагын тазалап, бордюрларды актап, таштандылардан арылтышты.

Жашылдандыруу иш-чаралары ИИМдин Академиясы тарабынан мындан ары да улантыла бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий