• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айрым жерлерде кар жаайт! Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13нөн 19-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Алсак, 13-19 февраль күндөрү Чүй облусунун аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-15-февраль күндөрү жана 16-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

17-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-февралда көпчүлүк аймактарда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Күндүз ала булут каптап турат, жаан, кар жаашы мүмкүн.

18-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

17-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-15-февралдарда жана 16-февралда тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Күндүз ала булут каптап турат, жаан, кар жаашы мүмкүн.

18-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

19-февралда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-февралда күндүз жана 14-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-14-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн.

16-19-февралдарда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

13- февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн.

15-19-февралдарда мезгил-мезгили менен түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-февралда күндүз, 14-февралда жана 15-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-14-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн.

16-19-февралдарда мезгил-мезгили менен түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-15-февралдарда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

17-февралда күндүз жана 18-19-февралдарда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

13-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кар жаашы күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

18-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

19-февралда Чолпон-Ата шаарында кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда жана 15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

15-февралда күндүз 16-18-февралдарда жана 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

19-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт .

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-19-февралдарда Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

15 февралда жаан-чачын күтүлбөйт

16-19-февралдарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий