• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түндүк-Түштүк жолунун Балыкчы - Эпкин бөлүгүндөгү 68 км курулушуна подрядчиктер тандалууда

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 –Кошумча каржылоо) жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, Барек 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2–Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоору каралды.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы - Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий