• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызжылуулукэнергонун” филиалдарында жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бүгүнкү күндө "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын өлкө аймагындагы филиалдарында жылуулук температурдук режимде үзгүлтүксүз берилип жатат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда жылуулук алуучулардан эч кандай арыздануулар катталган жок.

"Кырсык болгон учурда же батирлерде жылуулук менен камсыз кылуу же стандарттык температурага (+18) жана ысык сууга туура келбеген суроолор боюнча керектөөчүлөрдү колдоо борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну суранабыз: Кабыл алуу: (0312) 38 64 75, Кардарларды тейлөө: (0312) 66 08 69", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий