• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкекжылуулукэнергонун” бардык отканалары штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына караштуу бардык отканалар штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 72 откана шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт.

Тактап айтканда, ишкананын отказандары Жал кичирайону, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, Орто-Сай жана Калыс-Ордо конуштары, Жумушчу шаарчасынын керектөөчүлөрүн жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт.

"Учурда “ Бишкексельмаш”, Ботсад”, “Малдыбаев” жана “10-кичи район” отканаларында Бишкек ЖЭБден келген жылуу сууну керектүү температурага жеткирип керектөөчүлөргө таратып турушкандыктан таң эрте иш үзгүлтүккө учураган. Бирок, азыркы учурда бул отканаларда да жумуш өз нугуна түшүп баштады.

Жалпысынан ишкана 628 көп кабатуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 48 Мектеп, 16 бала бакча, 8 окуу жай, 26 бюджеттик мекеме, 207 коммерциялык мекемени камтыйт. Эгерде ишканага тийиштүү суроо талаптар болсо ишкана күнү түнү жооп берүүгө даяр. Күнү түнү сурап билүү номери: +996 701 777 110 ‎+996 990 969 635", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий