• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКККББ: Автобекеттеги коомдук транспорттор текшерилип, 99 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Автобекеттеги коомдук транспорттор текшерилип, 99 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү "Коомдук транспорт" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрдү. Анын алкагында алыскы аймактарга каттаган коомдук транспорттордун техникалык абалы текшерилип, бир жуманын ичинде 19 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:

- 6 айдоочуга коомдук транспорттун техникалык жактан оң абалда эместиги үчүн, 3 миң 300 сомго айып салышты;
- 6 айдоочуга техникалык кароодон өтпөгөндүгү үчүн 18 миң сомго айып салышты;
- 1 фирманын жетекчисине техникалык оң эмес авто унааны каттамга чыгаргандыгы үчүн, 28 миң сомго айып салышты;
- 1 айдоочуга таптакыр айдоого укугу жол болуп туруп, унаа башкарып жүргөндүгү үчүн 15 миң сомго айып салышты;
- 5 айдоочуга туура эмес жерге токтогондугу үчүн, 5 миң сомго айып салышты.

ЖКККББ азыркы учурда “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жаткандыктан, баардык жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалар текшерилээрин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий