• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте курулуп жаткан объектилердин убактылуу тосмолору иретке келтирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бишкекте курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 8 менчик ээлери тосмолорду иретке келтирди

- Фучик көчөсү, 38 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
- Орозбеков көчөсү, 43 дарегиндеги мейманкана;
- Горький көчөсү, 33 дарегиндеги көп кабаттуу үй;
- Абдымомунов/Исанов көчөсүндөгү 12 кабаттуу бизнес борбору;
- «СК Авента Строй» ЖЧКсы, Гражданская көчөсү, 24 дарегиндеги жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 9 кабаттуу көп батирлүү турак жай;
- Загорская көчөсүн бойлой өз аймагындагы турак жайлары жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жай;
- «Делмар Групп» ЖЧКсы Кийизбаев көчөсү, 32, 34, 36, 38-38а, 40 даректериндеги өз аймагындагы СКБ объектилери бар 12 кабаттуу көп батирлүү турак жай;
- Салиева көчөсү, 204 дарегиндеги 12 кабаттуу турак жай;

Эскерте кетсек, мурда курулган объектилерге убактылуу тосмолорду ирээтке келтирүү тууралуу билдирүүлөр берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий