• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектиктер үч күндүн ичинде 80 миң "Тулпар" жол картасын сатып алышты

Коом 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Бишкектиктер муниципалдык коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүүнүн алгачкы үч күнүндө 80 миң "Тулпар" жол картасын сатып алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аркылуу 20-августтан 22-августка чейин автобустар менен троллейбустарда 91 миң жол кире төлөнгөн. Маалыматта стандарттык карталарга суроо-талап көп экени, мэрия аларды коомдук транспортто сатууну уланта турганы белгиленет.

Ошондой эле жүргүнчүлөр жол кире акысын төмөнкү карталар менен дагы төлөй алышат:

- VISA жана "Элкарттын" контактсыз карталары;
- "Тулпар", Mbank, Megapay, Balance, "O!Деньги" мобилдик тиркемелерирнде QR-сканирлөө аркылуу;
- NFC`тин виртуалдык карталары менен.

Пикир

Оставить комментарий