• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия Кыргызстандын элчисине жооп катары нота тапшырды

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге нота тапшырды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги өз булактарына таянып жазып чыкты.

Нотаны тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал тапшырган.

Агенттик жазгандай, нотада Түркиянын КРдагы элчиси өз милдеттерин аткаргандыгы жана Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени айтылат.

Белгилей кетсек, Ороктогу окуя болгон 5-июнь күнү Түркиянын элчиси ал айылга барган. Элчинин айтымында, ага элчиликте иштеген кош бойлуу кызматкери чалып, Орок айылында экенин жана ал отурган үйүнүн айнектерине таш ыргытылганын айткан. Элчи бул тууралуу Ички иштер министрлигине кабарлап, өзү да Орокко келген.

Элчи белгилегендей, ал кызматкер Кыргызстандын жараны болот.

Бейшемби, 6-июнь күнү КРнын Тышкы иштер министрлиги элчини министрликке чакырып, нота тапшырган.

"2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик талашты жөнгө салуу боюнча КРнын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи Жеңгиз Камил Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик, элчини өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырган.

Пикир

Оставить комментарий