• 88.68
  • 95
  • 0.95

Венада КР ИИМ башчысы ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга караштуу мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеевдин колдоосу жана катышуусу менен бүгүн Вена шаарында өткөн.

Жолугушууга ошондой эле ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү Австриянын туруктуу өкүлү Флориан Рауниг, Германиянын туруктуу өкүлү Сюзанна Шутц, Финляндиянын туруктуу өкүлү Веса Хаккинен, АКШнын дипломатиялык миссиясынын башчысынын орун басары Кэтрин Брукер, ошондой эле ЕККУ Катчылыгынын өкүлдөрү - ЕККУ Катчылыгынын трансулуттук коркунучтарга каршы туруу боюнча ишмердүүлүгүнүн координатору Елена Купчина, ЕККУ Катчылыгынын полициянын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык маселелери бөлүмүнүн жетекчиси Сами Рюхенен, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясы ДНК лабораториясын түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин эксперттик жөндөмдүүлүгүн санариптештирүүгө, өнүктүрүүгө жана модернизациялоого, экстремизмге жана диний радикалдашууга каршы аракеттенүү боюнча жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, ошондой эле кыргыз милициянын көчмө кабылдамаларынын жогорку кесипкөйлүктө тейлөөгө багытталган тутумун андан ары өнүктүрүүгө багытталган бюджеттен тышкаркы долбоорлорду сунуштады.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков ЕККУ Катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын ишмердигин баалоо боюнча жүргүзгөн иштери жана министрликтин ишмердигинин негизги багыттарын андан ары өнүктүрүү боюнча берилген сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө милицияны демократиялык коомдун талаптарына жооп берген заманбап мекемеге айландыруу узак мөөнөттүү демилге болуп санааларын белгилеп, ошол себептен динамикалуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн ЕККУ тарабынан кошумча колдоо көрсөтүү зарылдыгы келип чыгуусуна токтолду.

Сөзүнүн аягында ИИМдин башчысы ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнө жана ЕККУ Катчылыгына Кыргызстандын ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирип, сунушталган демилгелер оң нукта каралат деген ишенимин айтты.

Өз кезегинде, ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү сунушталган долбоорлорду карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришип, аларды ишке ашырууда мындан аркы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө натыйжалуулугун жогору баалашты.

Пикир

Оставить комментарий