• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда 2,6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түзгөн

Аймак 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Ош облусунда 2,6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарында Социалдык контракт программасынын аткарылышын көзөмөлдөө учурунда билдирди.

"Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа Ош облусу боюнча 14,4 миңден ашуун адамдын, анын ичинен 8,6 миңи балдардын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз.

Буга мен бүгүн барган үй-бүлөлөр мисал боло алат. Алсак, үч баланын энеси Апсамат кызы Айпери мамлекеттен алган 100 миң сомуна дүкөн ачкан. Ал эми азыр анын айлык кирешеси 40-45 миң сомду түзөт.

Эркингүл Муратова үй-бүлөсүнүн турмушун оңдоп гана тим болбостон, тигүү цехинде дагы алты жумушсуз аялды жумуш менен камсыз кылды. Тигүүчүлөр ай сайын 30 миң сомго чейин алышат. Кызбурак Жусупова тарабынан төрт жумушчу орун түзүлгөн. Ал ОшМУнун ашканасын ижарага алып, бир кызматкерге күнүнө 700-800 сомдон төлөйт", - деди министр.

Министрдин айтымында, бул программанын эффективдүүлүгүн эске алуу менен келерки жылы мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ача турган үй-бүлөлөрдүн саны 20 миң үй-бүлөгө берүү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий