• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын мэри бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар тургундарынын кайрылууларына ылайык, бир катар социалдык мекемелерден кабар алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы кошумча имаратты куруу жана тосмолорду оңдоп-түзөө боюнча кайрылуулардын негизинде “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы №16 орто мектебине жана №40 «Наристе» бала бакчасына барып, аталган мекемелердин шарттары менен таанышты.

Жеринде тиешелүү жетекчилер оңдоп-түзөө, шарттарын жакшыртуу боюнча жумуштардын иш-мерчемин түзүү жана келерки жылдын иш-планына киргизүү боюнча милдеттендирилди.

Соңунда мэр Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун №5 филиалында болду.

Мында оңдоп-түзөө жумуштарынын алкагында имараттын энергетикалык кубатуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн жумуштарды көрүп чыгып, бир жуманын ичинде бардык иштерди бүткөрүү, имаратты пайдаланууга берүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий