• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкент-Бишкек-Ташкент авикаттамдары көбөйтүлөт

Коом 0

Ташкент, 25.05.18. /Кабар/. Өзбекстандын улуттук «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы 4-июндан тарта Ташкент-Бишкек-Ташкент боюнча учуу каттамдарын көбөйтүүдө. Бул тууралуу өзбек авиакомпаниясынын маалыматтык кызматынан билдиришти.

Үчүнчү каттам дүйшөмбү күндөрү заманбап Эйрбас-320 учагында төмөнкү тартип боюнча каттайт: HY-779 Ташкент 06:55 – Бишкек 09:10; HY-780 Бишкек 10:30 – Ташкент 10:50 (жергиликтүү убакыт боюнча).

Пикир

Оставить комментарий