• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда каза болгон 7 адамдын өздүгү такталды, экөө жаш балдар

Коом 0

Бишкек, 18.12.17./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү такталды.

Алар:

Жабыркагандар:

  1. 1994-жылы туулган Э кызы А., Аксы районунун Жылгын айылынын тургуну;
  2. 1985-жылы туулган К. С., Аксы районунун Жылгын айылынын тургуну;
  3. 1979-жылы туулган Э. М., Аксы районунун Кызыл-Туу айылы Кара-Ой тилкесинин тургуну. Токтогул райондук ооруканасына жеткирилишкен.

Каза болгондор:

“СтепВагон” унаасында:

1. Айдоочусу - 1979-жылы туулган А. К., Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну;

2. Жүргүнчү-1966-жылы туулган Б.К., Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну.

“Хундай Гетц” унаасында:

1. Айдоочусу-1980-жылы туулган Туулу Н., Токтогул шаарчасынын Бердалиев көчөсүнүн №74 үйдүн тургуну;

2. 1980-жылы туулган Ж. Э., айдоочунун жубайы;

3. 2014-жылы туулган Н кызы М., айдоочунун кызы;

4. 2016-жылы туулган Н уулу Б., айдоочунун уулу;

5. 1963-жылы туулган С.Б., айдоочунун жеңеси.

Эске сала кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагылышкан. Окуя 16-декабрда болжол менен саат 18:00 чамасында катталган.

Учурда кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий