• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. 2023-жылы жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул жылы Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 1 213тү түзгөн.

Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны 454 болсо, мыйзам бузуулар 1771ге жетип, берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1165 бузуулар жоюлду.

Ал эми жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 621ди түздү.

Белгиленгендей, отчеттук мезгилде коюлган доонун суммасы 45 млн 281 миң 826 сомду түзүп, анын ичинен 19 млн 270 миң 534 сому мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий