• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламентте Жогорку соттун судьялары шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Анын айтымында, президент Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Жогорку соттун шайланган судьялары парламентте ант беришти.

Пикир

Оставить комментарий