• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда Үч-Коргон Жалпы дарыгердик практика борборунда 2 бөлүм ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Кадамжайда Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар жандандыруу, дарылоо жана кеңеш берүү бөлүмдөрү жайгашкан имараттын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, имараттын курулуш иштери 2018-жылы башталып, бирок токтоп калган. 2023-жылы республикалык бюджеттен 58 млн сом бөлүнүп, куруу иштери кайрадан жанданган, ошондой эле бөлүнгөн каражаттын ичинде эмеректер жана медициналык жабдуулар да каралган.

1560 чарчы метр турган имаратта 12 орундуу балдар бөлүмү, 6 орундуу балдардын жандандыруу бөлүмү жана биринчи кабатында дарылоо-кеңеш берүү бөлүмү (поликлиника) жайгашты.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору 1928-жылы участкалык оорукана болуп түзүлгөн. Учурда 1960-1980-жылдары мектеп-интернат үчүн курулган имаратта жайгашкан. Беш айыл аймактын 65 миң калкын медициналык жактан тейлеген төрөт, хирургия, терапия, балдар, балдар жандандыруу, жугуштуу, реанимация бөлүмдөрү, ошондой эле Марказ жана Кара-Жыгач филиалдарынан, 12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунан жана 6 ФАПтан турат.

Пикир

Оставить комментарий