• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Шэньси провинциясы кызматташтыкты күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Шэньси провинциясы өз ара кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташтыкты күчөтүү маселеси президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Шэньси провинциясынын башчысынын орун басары Ли Цзюнь менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда тараптар кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, социалдык-экономикалык, ишкерлер ортосундагы байланышты түзүү, инвесторлорго жагымдуу шарттарды жаратуу жана ар тараптуу көмөк көрсөтүү жаатындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Белгилей кетсек, Шэньси провинциясы Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан. Ошол эле учурда кытай маданиятынын жана тарыхынын руханий бешиги, Улуу Жибек жолунун башталышы деп эсептелинет. Азыркы учурда провинцияда 39 миллионго жакын калк жашап, соода-экономика, айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармактары өнүккөн.

Пикир

Оставить комментарий