• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 32 жаштагы Адилет Усубахунов дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Бишкекте Адилет Усубахуновдун жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январда У.Д. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 1992-жылы туулган баласын табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал ушул жылы 27-январда болжол менен саат 19:00дөр чамасында 08KG 650 AJR мамлекеттик номердеги Toyota Ist унаасы менен Чүй проспектисиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес.

Аталган факты Свердлов райондук милициясына катталган.

Белгилери: бою 170-175 см, орто дене түзүлүштө, көздөрү кара, чачы кыска. Сезонго ылайык кийинген.

“Адилет Усубахуновду көргөн-билгендер төмөнкү номерлерге билдирип коюңуздарды суранабыз. Тел: 0 (505) 60-06-30, 0 (557) 11-94-10, 0 (709) 33-24-63, 0 (500) 60-70-67, 0 (701) 28-28-19 и 102”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий